Ахматбек Келдибеков УКМКга суракка чакырылды

УКМКдан билдиргендей, социалдык тармактарда талапкер Ахматбек Келдибековдун добуш берүүнүн алдын ала жыйынтыктарын бурмалоо боюнча негизсиз схемаларды көрсөткөн видеосу тараган.
Sputnik
БИШКЕК, 1-дек. — Sputnik. Ахматбек Келдибеков видео баяндамалар боюнча түшүндүрмө берүү үчүн УКМКга чакырылды. Бул тууралуу аталган мекемеден билдирди.
Маалымдалгандай, УКМК тергелип жаткан кылмыш ишинин алкагында, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдумдарын өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтында добуш берүүнүн алдын ала жыйынтыктарын туура эмес көрсөтүү фактысы боюнча текшерүү жүргүзүүдө. Ошол эле учурда буга чейин БШК Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоодо добуш берүүнүн алдын ала жыйынтыктарын сайтка чыгарууда негизги серверге сырттан эч кандай кийлигишүүсүз, ар кандай фальсификацияны жокко чыгарган механикалык ката кетирилгендиги тууралуу түшүндүрмө берген.
“Бирок 2021-жылдын 1-декабрында социалдык тармактарда талапкер Ахматбек Келдибековдун добуш берүүнүн алдын ала жыйынтыктарын бурмалоо боюнча негизсиз жана тастыкталбаган схемаларды көрсөтүп, коомду адаштырып, ошону менен коомдук саясий кырдаалды туруксуздаштырууга шарт түзгөн видео тараган”, — деп айтылат билдирүүдө.
Буга байланыштуу Келдибеков видеотасмада айтылган жүйөлөрү боюнча түшүндүрмө берүү үчүн УКМКга суракка чакырылды.