Бейшембиге карата аба ырайы

2-декабрда өлкөдө күн ачык болот. Түштүк-чыгыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 5-10 метрге жетет.
Sputnik
БИШКЕК, 1-дек. — Sputnik. Бейшембиге караган түнү республика боюнча жаан-чачын күтүлбөйт. Мындай маалыматты Кыргызгидромет таратты.
Абанын температурасы Чүйдө +14...+19, Талас облусунда +13...+15, Ош, Жалал-Абад өрөөндөрүндө +15...+20, Баткенде +16...+18, Ысык-Көлдө +5...+10, Теңир-Тоо аймагында -3...+2 градус жылуу болот.
Күндүн табы борбор калаада +17...+19, Ош шаарында +18...+20 градуска чейин көтөрүлөт.