Жапаров коргоо министринин биринчи орун басарын алмаштырды

Президент министрликтин жетекчисин Конституциясынын 70-беренесинин 8-пунктунун негизинде алмаштырган.
Sputnik
БИШКЕК, 30-ноя. – Sputnik. Таалайбек Усубалиев коргоо министринин биринчи орун басары болуп дайындалды.
Мамлекет башчынын маалымат кызматы президент Садыр Жапаров Конституциянын 70-беренесинин 8-пунктунун негизинде документке кол койгонун билдирди.
Ал эми дагы бир тескеме менен президент коргоо министринин биринчи орун басары Нурлан Кирешеевди ээлеген кызматынан бошоткон.