Видеолорду Шевченко Instagram баракчасына жарыялап, Ысык-Көл ага дем-күч берерин жазган. Мушкердин тер төгө спорт менен алектенип жаткан видеосу Ысык-Көлдөгү пансионаттардын биринин жээгинде тартылган. Кадрдан анын насаатчысы Павел Федотов экөөнүн пристанда машыгып жатканын көрүүгө болот.
"Мен Ысык-Көлдө машыкканды аябай сагындым. Бул мага күч бере турган жер", ― деп жазган спортчу өзүнүн Instagram баракчасына.
Шевченко видео ноябрь айында тартылганын белгилеп, жазган. Кыргызстандык мушкердин видеосу кыска убакыттын ичинде бир нече миң жолу көрүлгөн. Катталуучулар Кыргызстандын даңкын чыгарганы үчүн ага ыраазычылык билдирген пикирлерди калтырышкан.
Ал эми чемпиондун спортчу кыз менен өнөктөш катары машыгып жаткан экинчи видоосу да ошол эле пристандан тартылган.
Валентина Шевченко 21-ноябрда өлкөгө келген. Бишкекте ал маалымат жыйынын жана күйөрмандары менен жолугушуу өткөргөн. Садыр Жапаров мушкер кызды кабыл алып, 1 миллион сомдук сертификат тапшырган.