БИШКЕК, 30-ноя. — Sputnik. Кыргызстанда ушул жылы банктардагы депозиттердин көлөмү дээрлик 37,4 миллиард сомго көбөйдү, бул кезектеги рекорддук көрсөткүч болуп саналат. Мындай тыянакка Улуттук банктын маалыматтарын карап чыгуу менен келүүгө болот.
Өткөн жылдын аягында каражаттын көлөмү 180,9 миллиард сомдон ашкан. Андан соң бир аз азайып, кийин өсө баштаган, ал эми март айынан тарта жаңы рекорд койгон.
Октябрдын соңунда аманаттардын көлөмү 218,3 миллиард сомго чейин өскөн. Октябрь айында депозиттик база 6 миллиард 458,3 миллион сомго көбөйгөн.