Пресс-борбор

Кыргызстандагы вакциналар "омикронго" каршы эффективдүүбү? Адистин жообу

Буга чейин Кыргызстандын министрлер кабинети COVID-19дун "омикрон" деген жаңы штаммы боюнча Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму менен шашылыш консультациялык жолугушуу өткөргөн.
Sputnik
БИШКЕК, 30-ноя. — Sputnik. Коронавируска каршы вакциналар "омикрон" деп аталган жаңы штаммга каршы эффективдүү. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстандын маалымат борборунда өткөн "Дүйнөгө коркунуч жараткан штамм-супермутанттан Кыргызстан кантип коргонот?" аталышындагы брифингдин катышуучулары билдирди.
Бишкектин Биринчи май районуна караштуу Эне жана баланы коргоо боюнча бириктирилген үй-бүлөлүк медицина борборунун директорунун орун басары Диляра Искакова Кыргызстанда коронавируска каршы бир нече вакцина бар экенин эске салды.
"Бул препараттардын бардыгы коронавируска каршы эффективдүү жана оорунун оор өтүшүн алдын алат. Бул боюнча көптөгөн маалымат булактары дагы жазып чыкты. Биздин инфекциялык ооруканага вакцина албагандар же препараттын бир эле дозасы менен эмделгендер оор абалда түшүп жатат. "Омикрон" — вирустун жаңы тиби. Бирок биз маалымат булактардан карасак, вакцина алгандар аны менен оорубай турганы боюнча жазылыптыр. Вирус мутация болгон күндө дагы ага каршы иммунитет бар. Профилактика үчүн эмдөөдөн өтүү керек", — деди Искакова.
Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун Кыргызстандагы кеңсесинин өкүлү Акбар Эсенгулов бул вирустун жаңы варианты иммундук жооптон "кача алат" деген божомолдор болгону менен вакцинациялоо темпин күчөтүү керек деген ДССУнун сунушун эске салды.
Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун Кыргызстандагы кеңсесинин өкүлү Акбар Эсенгулов
Ал эми Саламаттык сактоо министрлигинин коомдук саламаттык сактоо бөлүмүнүн башкы адиси Бактыгүл Исмаилова дагы жарандарды эмдөөдөн өтүүгө чакырды. Ал ооруну алдын алуунун эң эффективдүү жолу вакцина экенин белгиледи.
Саламаттык сактоо министрлигинин коомдук саламаттык сактоо бөлүмүнүн башкы адиси Бактыгүл Исмаилова
Эске салсак, буга чейин Кыргызстандын министрлер кабинети COVID-19дун "омикрон" деп аталган жаңы штаммы боюнча Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму менен шашылыш консультациялык жолугушуу өткөргөн. Вирус ДССУнун коркунуч жараткан тизмесине кирет. Саламаттык сактоо жана Тышкы иштер министрликтерине вирустун жаңы мутациясынын Кыргызстандын аймагында жайылып кетпеши үчүн чара көрүү тапшырмасы берилген.