БИШКЕК, 30-ноя. — Sputnik. Кыргыз-тажик чек арасынын тактала элек аймагында курулуш иштерин аткаруу аракети токтотулду. Бул тууралуу УКМКнын Чек ара кызматы билдирди.
Окуя бүгүн, 30-ноябрда, саат 13:00дөр чамасында болгон.
"Буга чейин жетишилген келишимге карабастан тажик тарап Лейлек районундагы Майты аймагында жайгашкан Сүлүктү — Пролетарск темир жолун алып салуу үчүн иштерди баштаган. Муну менен катар Тажикстандын жарандары тактала элек аймакка кирип кеткен. Чек арачылар бул иштерди убагында токтотуп калышты", — деп айтылат маалыматта.
Ушул эле убакта Тажикстандын 30-35ке жакын жараны Максат — Арка жолунун боюна тосмо кура баштаганы айтылды. Бирок Кыргызстандын чек арачыларынын талабы менен тажикстандыктар курулуш ишин токтоткон.
Эки тараптуу жетишилген келишимге карабастан, Тажикстандын жарандары Сомониён (Тажикстан) участкасында дагы курулуш иштерин уланта баштаган. Бул жер Көк-Таш айылынын маңдайында жайгашкан. Бүгүн эки тараптын чек ара өкүлдөрү жолугушуп, натыйжада курулуш иштери токтотулду.