Кечээтен бери коронавирус үч адамдын өмүрүн алды

Бир сутка ичинде эмдөөдөн 10 260 адам өтүп, анын ичинен 5 803ү биринчи дозаны алса, 4 457 адам экинчисин сайдырды.
Sputnik
БИШКЕК, 30-ноя. — Sputnik. Өткөн суткада 66 адамдан коронавирус табылып, 118 бейтап айыкты. Бул тууралуу Республикалык штаб кабарлады.
Жуктургандар:
Өлкөдө илдет илештиргендердин жалпы саны 183 351ге жетти. Анын ичинен 178 230 адам дартты жеңген. Тилекке каршы, оору бир сутка ичинде үч адамдын өмүрүн алып, жалпы 2 746 адам дарттын курмандыгы болду.
Азыркы учурда стационарда 405, ал эми амбулатордук шартта 488 адам дарыланып жатат. Өткөн сутка ичинде эмдөөдөн 10 260 киши өтүп, анын ичинен 5 803ү биринчи дозаны, 4 457 адам экинчи компонентин алган.