Трамп Европага кас болду. Мындай көрүнүш эбактан бери байкалат. Эми Байден. Ал Европанын көңүлүн катуу калтырды", — деди. Бул киши алгачкылардан болуп муну ачык айткандардан болду.
Дипломат азыркы америкалык администрациянын Европанын иштерине кызыгуусу жоктугуна нааразы. Еврокомиссия Байдендин командасына чогуу иштешүүгө мүмкүн болгон – киберкоопсуздук, криптовалюта, жогорку технологиялык тармактардагы салыктар жаатында суроолорунун топтомун жолдоду. Ушул жагдайга баам салган Александр Хабаровдун макаласы РИА Новости сайтына жарыяланган.
"Эч кандай демилге жок. Европа тигил же бул багытта биргеликте иш алып барары туурасындагы билдирүүлөр да жаңырбайт. Америкалыктар Кытайга нук алды. Кошмо Штаттардын тышкы саясаты: Кытай, Кытай, Кытай болуп калды".
Француздар апкаарып калышты. Австралиялыктарга даярдалчу суу түбүндөгү кайыктар жаңжалынын айынан Париж үчүн абдан маанилүү дипломатиялык операция оңунан чыкпай калды. Ушул долбоор аркылуу француз тышкы иштер министри Вашингтон менен мамилесин чыңдоого үмүттөнгөн эле.
Сентябрда Чесапик салгылашуусуна 240 жыл толду. Дал француз флоту 1781-жылы АКШнын көз карандысыздыгы үчүн согуштун жүрүшүн толук өзгөртүп, британиялыктарга чечкиндүү сокку урган.
Француздардын флотилиясын жетектеген контр-адмирал граф де Грасс Британ империясы менен касташкан өлкөсүнүн кызыкчылыгы үчүн ошондой кадамга барган. Эки жарым кылым өткөн соң ошол кармашкан тараптардын тукумдары Кошмо Штаттардын жакынкы союздашы атыгуу үчүн тирешти улантары ал кол башчынын оюна да келбегендир.
Өздөрүнүн эзелки эрдигин америкалык өнөктөштөрүнүн эсине салуу үчүн бул мааракенин урматына Франция элчилигинде салтанаттуу банкет пландалган. Бирок француз элчисин Парижге чакыртып алышты. Ал иш-чараны токтотууга туура келди. Анткен менен Макрон андан ары да кадам таштоого даай албады. Байден менен чындап жаңжалдашуунун ордуна француз президенти үн-сөзү жок австралиялык премьерге каарын төктү.
Олуттуу түрдө АКШнын эркине каршы баруу үчүн Шарль де Голлдун масштабындагы инсан зарыл өңдөнөт. Ал доллардан баш тартып, НАТОнун штаб-квартирасын америкалык базаларды өз өлкөсүнөн чыгарып, Кытай жана СССР менен өз алдынча макулдаша алган. Батыш Европа саясатында мындай генералдар азыр жок, ошондуктан Париж, Брюссель жана Берлин самаган "бириккен европалык армияны" жетектей турган дасыккан аскер жетекчилери табылбайт. Бирок ошондой каалоо бар.
Америкалыктар Афганистандан чыгып кетерин эң акырында кабарлап, европалыктарды дагы бир ирет катуу ызага батырып, аргасыз абалга салып кеткен.
"Европа, балким, мындан ары өз алдынча болууга жөндөмдүү жана даяр болушу абзелдир. Азыр бизге эң зарылы — бул Европалык коргоо союзу", — деп билдирди Еврокомиссиянын төрагасы Урсула фон дер Ляйен.
Быйыл май айында Европа биримдигинин 14 өлкөсүнүн коргоо министрлери 5000 аскер кызматкеринен куралган ыкчам чара көрүүчү топту түптөөнү сунуштады. Андай күч кыйын кырдаалда пайдаланылмак, маселен, Кабулда европалыктар өз өкүлдөрүн жана карапайым жарандарын АКШнын жардамысыз чыгара алган жок.
Бирдиктүү куралдуу күчтөр жөнүндөгү демилге Европада 1999-жылы биринчи ирет талкууланган. 2007-жылы 1500 жоокерден турган ыкчам аскердик топтордун жамааттык тутуму түзүлгөн, бирок бир дагы ирет ишке тартылган эмес.
"Европалык коргоо" боюнча саммит Брюсселде келерки жылдын биринчи жарымына пландалган. Бирок кандай болгон күндө да аскердик тармактагы көзүр бөлөк уюмдун — НАТОнун колунда. Баса, анын штаб-квартирасы Бельгиянын борборунда жайгашкан. Башкача айтканда көп нерсе кайрадан эле АКШдан көз каранды. Европалык ишмерлер оюн топтоп, эркин бекемдегенче Евробиримдик менен Түндүк атлантикалык альянстын ортосундагы жаңыртылган концепциясын аталган уюмдун башкы катчысы Йенс Столтенберг декабрда талкууга коёт.
Столтенбергдин позициясы түшүнүктүү: сентябрда британиялык The Sunday Telegraph басылмасына курган маегинде ал Европа биримдигинин куралдуу күчтөрү алар жетектеген блокту чабалдатып, ал тургай "Европага жик салуу" ыктымалдыгын, ал эми ыкчам аракет этүүчү бирдиктүү күчтөр НАТО боюнча союздаштарынын "жупуну ресурстарына" доо кетирет.
Европадагы аскердик көзөмөл дале Кошмо Штаттардын колунда. Бардык укук жана жоболорду бузуп Югославияны бомбалоодон соң, Бондстилде эң ири америкалык база ачылган.
АКШ эбактан тарта француз жана немецтердин кошумча ролун итерип, Киевди "өз канатына" алып, ушул тапта украиналык "от менен ойноодо". Кокус бир нерсе чыкса, бүтүндөй Европа кесепетин тартары бышык. Президент Макрон канчалык кыжыры кайнаса да, канча ирет океан ар жагындагы гегемонго маселе башкада экенин ишарат кылса да, абалга моюн сунууга аргасыз. Америкалыктар адегенде "Түндүк агым – 2ни" куруп-курбоого көрсөтмө берип, кийин бир убакта убада кылган газ танкерлерин кымбатыраак сатуу үчүн Түштүк-Чыгыш Азияга жайгаштырат. Байдендин бул биримдикке кылган жалгыз жакшылыгы – кезегинде Трамп киргизген европалык алюминий жана болотко болгон тарифти гана алып салганы болду. Тагыраак, пошлинасыз импорт мурдагы калыбына келтирилгени менен көлөмүн көбөйтүү аракеттери бөгөттөлүүдө. Байдендин администрациясы тарифти жокко чыгарууну көпкө создуктуруп жатып, Римдеги "Чоң жыйырманын" саммитине туура бир ай калганда "белек" кылганын да кыстара кетели.
"Балким, биз башынан бери айрым өнөктөштөрүбүз менен кызматташууда абдан баёолук кылгандырбыз", — деди федералдык канцлер кызматын тапшырып жаткан Ангела Меркель. Эске салсак, 2016-жылы Германиянын эң ири соода өнөктөшү Кытай болгонун, немец экономикасына туруктуу өсүштү камсыздоого көмөктөшкөнүн да унуткарбайлы. Бирок башында Шольц турган жаңы коалициялык өкмөткө Тайвань, Гонконг жана Синьцзян боюнча түндүк атлантикалык күн тартиби эбак таңууланды.
"Салт" уланып, Германия өз экономикалык кызыкчылыктарына карабай Европа биримдиги менен Кытайдын ортосундагы Инвестициялар жөнүндөгү макулдашууларды ратификациялоого каршы чыгары анык. Ага 2020-жылы кол коюлуп, бирок аны кабылдоо процессин Европарламент токтотуп койгон.
Лондон америкалык демилгелерди ишке ашырууда Вашингтондун негизги союздашы бойдон калууда. Бул жакта бир нече жылдан бери Кытай менен биргеликтеги долбоорлор жыйыштырылып келет. Тийиштүү буйрук менен өз авиаташуучусун да Түштүк-Чыгыш Азияга жолдогон.
Трамптын тушунда эле британдар кытайлык Huawei 5G түйүндөрүн өнүктүрүү боюнча келишимдерден баш тарткан. Алигүнчө ошол кадамы үчүн кандай "ыраазычылык" алганы түшүнүксүз. Кошмо Штаттар менен эркин соода тууралуу макулдашууга Жонсондун сунушу четке кагылганы да белгилүү. Түндүк Ирландия боюнча ЕБ менен болгон талашта (Brexit боюнча шашылыш келишимдин айынан эми Бириккен Королдуктан экономикалык жактан кол жууп отурат) АКШ Лондонго таптакыр колдоо көрсөтпөдү.
Британ кабинети өзү кол койгон Ирландия протоколун аткарууга милдеттүү экенин түпкү теги ирландиялык Жо Байден бир нече ирет эскерткен. Британиялык The Daily Mail басылмасы америкалык президенттин саламаттыгы жайында эмес экенин өз окурмандарына маалымдады. Бийликке Байденби же башкасы келеби, баары бир, башкысы эзелтен түптөлгөн мамилелер тутуму бузулбаса болгону.