Адис жаңылган. БШК сайттагы добуштарды ким көбөйтүп салганын айтты

Сайттагы механикалык ката өтпөй калган эле партиялардын эмес, баарынын добушуна таасир эткени белгиленди.
Sputnik
БИШКЕК, 30-ноя. — Sputnik. Борбордук шайлоо комиссиясы добуштарды эсептөө маалында болгон сайттагы мүчүлүштүк боюнча бүгүн такталган расмий маалыматын таратты.
Анда жалпы элге жана кабыл алууга түшүнүктүү болуш үчүн БШК добуш берүүлөр тууралуу маалыматтарды таблица түрүндө жөнөкөйлөштүрүп көрсөтүп берери белгиленген.
"Сиздер көрүп турган жашыл квадраттын ичи участкалык шайлоо урналары менен БШКда жайгашкан сервер. 20:00дөн кийин участкалык комиссия бардык мүчөлөрүнүн жана байкоочулардын көзөмөлүндө автоматташтырылган эсептөөчү урнанын (АСУ) жыйынтыктоочу отчетун (чекти) басып чыгарат. Ошол эле учурда автоматтык түрдө дароо серверге жөнөтүлөт. Андан соң сервер маалыматтарды автоматтык түрдө кызыл квадрат менен белгиленген БШКнын маалыматтык шайлоо системасынын сайтына жарыялайт, — деп айтылат маалыматта.
Түшүндүрмөгө схеманын сүрөтү тиркелген.
Ошондой эле АСУдан түшкөн маалыматты камтыган серверге эч ким кире албай турганы, ал автоматташтырылган компьютердик система экени айтылат.
Шайлдабекова: бул ирет мыйзамсыздыкты ооздуктоого бийликтин эрки жетти. Видео
"БШКнын адиси маалыматтык шайлоо системасынын сайтына АСУдан алган маалыматтарды жарыялоодо санды жаңылышып эки жолу көбөйтүп алган (калькуляциялоодогу механикалык ката). Бир нече убакыттан кийин БШКнын адиси маалыматтарды визуалдаштыруудагы формуланы оңдогон. Мында белгилей кетчү жагдай, АСУда дагы, негизги системада дагы маалыматтар өзгөрүүсүз калат. Аталган системанын иши үзгүлтүккө учурабайт, жаңылбайт. Бүгүн да так иштеп жатат. Бул жаңылыштык өтпөй калган эле партияларга эле эмес, бардыгына бирдей болгон", — деп жазылат маалыматта.
БШКнын билдирүүсүнө ылайык, буга адам фактору аралаша албайт, сервер болгону добуштарды эсептеп чыгарып берет. Тагыраак айтканда, сервер шайлоо бүтөрү менен жыйынтыгын алдын ала чыгарып берүүчү гана ролду аткарат. Ал эми акыркы так жыйынтык кол менен санап бүткөндөн кийин гана чыгат. Ошол жыйынтык мыйзамдуу деп эсептелет.
Эске салсак, 28-ноябрда шайлоо тилкелери жабылгандан кийин БШКнын сайты кеминде эки жолу иштебей калган. Биринчисинде партиялардын алган добуштарын пайыздык көрсөткүч менен эсептей келгенде 100 эмес, 140 пайызга чыгып кеткен. Экинчи учурда АСУдан түшкөн добуштарды көрсөтүп жаткан сайт маалымат бербей жабылып калган.