Мэрия Жаңы жылга карата Бишкек кандай жасалгалана турганын айтты

Муниципалитет "Бишкек — 2022" жаңы жылдык символикасын белгилүү дизайнер Нурбек Насыранбеков жана анын командасы иштеп чыгып жатканын айтып, ыраазычылык билдирген.
Sputnik
БИШКЕК, 30-ноя. — Sputnik. Жаңы жылга карата Бишкекти жасалгалоодо жаңы символика колдонулуп, анда улуттук стилдеги оюу-чийме, жаңы жылдык салют жана кардын элементтери болот. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы кабарлады.
Жаңы жылга карата Бишкекти жасалгалоодо жаңы символика колдонулуп, анда улуттук стилдеги оюу-чийме, жаңы жылдык салют жана кардын элементтери болот
Муниципалитет "Бишкек — 2022" жаңы жылдык символикасын белгилүү дизайнер Нурбек Насыранбеков жана анын командасы иштеп чыгып жатканын айтып, ыраазычылык билдирген.
"Учурда "Ала-Тоо" аянтында балатыны жасалгалоо иштери уланып жатат. "Тазалык" муниципалдык ишканасы балатынын каркасын орнотууда. Андан соң ага 1 400 оюнчук тагылат. Балатынын бийиктиги — 25 метр", — деп айтылат маалыматта.
1 / 3
Муниципалитет "Бишкек — 2022" жаңы жылдык символикасын белгилүү дизайнер Нурбек Насыранбеков жана анын командасы иштеп чыгып жатканын айтып, ыраазычылык билдирген
2 / 3
Учурда башкы аянтты кооздоо иштерине даярдык көрүлүп жатат
3 / 3
Ал ишке "Бишкек жарык", "Тазалык" ишканаларынын, Капиталдык курулуш башкармалыгы, ӨКМдин Бишкектеги башкармалыгынын кызматкерлери тартылат.
Учурда башкы аянтты кооздоо иштерине даярдык көрүлүп жатат. Ал ишке "Бишкек жарык", "Тазалык" ишканаларынын, Капиталдык курулуш башкармалыгы, ӨКМдин Бишкектеги башкармалыгынын кызматкерлери тартылат. Шаарды жасалгалоо иштери декабрдын ортосуна чейин уланары кошумчалады.