Радио

Арзыкулов: онкологиялык ооруга кабылган балдарга ар бир адам жардам бере алат

Коомдук активист Хабиб Арзыкулов ар бир адам кайрымдуулукка катышып, колунан келген жардамын берүүгө дарамети жетерин айтты.
Sputnik
Бүгүн, 30-ноябрда, онкологиялык илдетке кабылган балдарга жардам берүү максатында уюштурулган радиомарафондун маанилүүлүгү чоң. Мындай пикирин Хабиб Арзыкулов Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, кайрымдуулук иш-чараларын уюштуруу боюнча мамлекеттик ачык система болсо жарандар ишенимдүү түрдө жардам бермек.
"Мен кайрымдуулук чөйрөсүндө 15 жылдан бери жүрөм. Өлкөдөгү социалдык көйгөйлөрдүн чечилишинде кайрымдуулук акцияларынын мааниси чоң. Тилекке каршы, мындай маселелердин 40 пайызы кайдыгер карабаган жарандар тарабынан акча чогултулуп чечилет. Демек, бардык проблеманы мамлекет чече албайт. Онкологиялык илдетке чалдыгып калган адамдардын 80 пайызы жарык дүйнө менен кош айтышат. Анткени убагында дартты жеңүү үчүн күрөшпөйт. Адам өмүрү баарынан кымбат болгондуктан мамлекет бул маселеге дыкат көңүл бурушу керек. Оор көйгөйдүн балдар арасында жолугуп жатышына түрдүү себептер бар. Аларга колдоо көрсөтүү максатында колдон келген жардамды беришибиз керек", — деди Арзыкулов.
Ошондой эле адис кайрымдуулук кылган ишкерлерге мамлекет тарабынан жеңилдик берилсе көп социалдык маселелер чечилерин белгиледи.
Белгилей кетсек, Sputnik Кыргызстан радиосу онкологиялык илдетке кабылган балдарга жардам берүү максатында башталган алгачкы ири радиомарафонго катышууда. Чогулган каражат долбоордун алкагында оорулууларга жана аларды дарылап жаткан дарыгерлерге жумшалмакчы.