Жугуштуу илдеттер ооруканасы эми COVID жуктургандарды кабыл албайт

COVID жана пневмонияга чалдыккандар ПЦР-анализине карабай Бишкек шаарындагы атайын стационарларга жиберилет.
Sputnik
БИШКЕК, 29-ноя. — Sputnik. 1-декабрдан тарта Бишкек шаарындагы Республикалык жугуштуу илдеттер клиникалык ооруканасына эми COVID-19 жуктургандар жаткырылбайт. Бул туурасында Саламаттык сактоо министрлигинин маалымат кызматы бидирди.
Мындай чечим оорукананын ресурстарын сарамжал пайдалануу максатында кабыл алынган.
"Учурда шаарда коронавирус илдетине чалдыккандардын саны азаюуда. Бирок сезондук жугуштуу ооруларга чалдыккандар, өзгөчө балдар арасында илдетке кабылып ооруканага кайрылгандардын саны өстү. Аларга өз убагында медициналык жардам көрсөтүү максатында 1-декабрдан тарта коронавирус менен ооругандарды кабыл алуу токтотулат", — деп айтылат билдирүүдө.
COVID-19 жуктургандар жана пневмонияга чалдыккандар ПЦР-анализине карабай Бишкек шаарындагы атайын стационарларга жиберилет.