Ысык-Атада эки милиционер шайлоодо ичип алып иштегени үчүн жумуштан алынды

Милиция кызматкерлеринин мас болгон видеосу социалдык тармакка тарап кеткени айтылат. Өздөрү жумуштан кетирилип, жетекчилери кызматтык жоопкерчиликке тартылган.
Sputnik
БИШКЕК, 29-ноя. — Sputnik. Ысык-Ата райондук ички иштер башкармалыгынын эки кызматкери шайлоо тилкесинде мас болуп иштегени үчүн жумуштан алынды. Бул тууралуу Чүй ОИИББдин маалымат кызматы кабарлады.
Билдирмеге ылайык, социалдык тармактарда кечээ аймактык шайлоо тилкесине коомдук коопсуздукту камсыздоо үчүн тартылган эки милиция кызматкери мас абалында болгон видео тараган.
"Кызматтык текшерүүнүн жүрүшүндө Ысык-Ата райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери — улук лейтенант О.Т. менен милициянын прапорщиги Ш.А. кызматтык тартипти бузганы аныкталды. Алар Кант шаарынын аймактык ооруканасына медициналык күбөлөндүрүүдөн өткөрүү үчүн жеткирилип, мас экендиги тастыкталган", — деп билдирди ИИМ.
Милиционерлер иштен алынгандан тышкары Чүй ОИИББдин жана Ысык-Ата РИИБдин бир нече жетекчиси катуу кызматтык жоопкерчиликке тартылганы кошумчаланды.