Нарын шаарына мэр болуп 38 жаштагы Курбанов дайындалды

Нарын шаарынын мурдагы мэри Самарбек Болотбеков кылмышка шектелип иштен алынган. Кийин шаардык кеңеш 31 жаштагы Арслан Сталбек уулун мэр кылып шайлап, бирок ал жыйынтык жокко чыккан.
Sputnik
БИШКЕК, 29-ноя. — Sputnik. Жаныш Курбанов Нарын шаарынын мэри болуп дайындалды. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы кабарлады.
Билдирмеге караганда, аталган буйрукка Садыр Жапаров кол койгон.
"Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө" мыйзамдын 47-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык, Жаныш Курбанов Нарын облусунун Нарын шаарынын мэри болуп дайындалды", — деп айтылат маалыматта.
УКМК төрагасы Ташиевге жаңы орун басар дайындалды
Жаңы мэр 38 жашта. Кадамжай районунун акиминин орун басары болуп иштеген.
Эске салсак, Нарын шаарынын мурдагы мэри Самарбек Болотбеков кылмышка шектелип иштен алынган. Кийин Нарын шаардык кеңешинин депутаттары Арслан Сталбек уулун калаа мэри кылып шайлап, көп өтпөй Борбордук шайлоо комиссиясы Нарын шаарынын мэри тандалган шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарган.