Кыргызстанга кирүүдө 1-декабрдан тарта ПЧР-тест талап кылынат

Министрлик менен ведомстволорго COVID-19дун жаңы штаммына байланыштуу даярдыкта туруу тапшырылды.
Sputnik
БИШКЕК, 29-ноя. — Sputnik. 1-декабрдан тарта өлкө аймагына кирүүдө милдеттүү түрдө ПЧР-тест талап кылынат. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы кабарлады.
Мындай чечимди министрлер кабинети өлкө аймагында коронавирус инфекциясынын жаңы штаммынын жайылышына жол бербөө үчүн кабыл алган.
"Чет элдик жарандар жана кыргызстандыктар өлкө аймагына кирүүдө эмделген сертификатынан тышкары ПЦР-тестинин терс жыйынтыгын көрсөтүшү керек", — деп жазылган маалыматта.
Саламаттык сактоо министрлиги "омикрон" штаммынын очогу аныкталып жаткан өлкөлөрдөгү эпидемиологиялык абалга көз салып жатканы белгиленди.
ДССУ "омикрон" штаммы коомго коркунуч жаратарын айтты
Ал эми вирус тарап жаткан мамлекеттердин тизмеси Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматына берилип, ал өлкөлөрдүн жарандарына Кыргызстандын аймагына кирүүгө тыюу салынат.
Министрлик менен ведомстволорго COVID-19дун жаңы штаммына байланыштуу толук даярдыкта туруу тапшырылган.
Кечээ өлкөнүн министрлер кабинети Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму (ДССУ) менен COVID-19дун "омикрон" деген жаңы штаммы боюнча ыкчам жолугушуу өткөргөн.