Кыргызстанга дүйнөдөгү эң чоң учак учуп келди. Сүрөттөр

Ан-225 "Мрия" — дүйнөлүк авиация тарыхында эң ири жана көп жүк көтөрө алган учак. Толтура май куйган учурда 15 миң чакырымды учуп өтө алат.
Sputnik
БИШКЕК, 29-ноя. — Sputnik. Кыргызстанга дүйнөдөгү эң ири Ан-225 "Мрия" аба кемеси учуп келди. Бул тууралуу "Манас" эл аралык аэропортунан билдиришти.
1 / 5
Кыргызстанга дүйнөдөгү эң ири Ан-225 "Мрия" аба кемеси учуп келди
2 / 5
"Узундугу 84, бийиктиги 18,2 жана эки канатынын узундугу 88,4 метрге жеткен бул жүк ташуучу учакты дүйнөдөгү бардык эле аэропорттордун кабыл алуу мүмкүнчүлүгү жете бербейт", — деп айтышты "Манас" аэропортунан
3 / 5
Ан-225 "Мрия" (украин тилинен которгондо "кыял") — дүйнөлүк авиация тарыхында эң ири жана көп жүк көтөрө алган учак
4 / 5
Май толук куюлган учурда 15 миң чакырымды учуп өтө алат
5 / 5
Кыргызстанга бул учак үчүнчү ирет келип жатат, буга чейин 2013 жана 2018-жылдары "Манас" аэропортуна конгон.
"Узундугу 84, бийиктиги 18,2 жана эки канатынын узундугу 88,4 метрге жеткен бул жүк ташуучу учакты дүйнөдөгү бардык эле аэропорттордун кабыл алуу мүмкүнчүлүгү жете бербейт", — деп айтышты "Манас" аэропортунан.
Ан-225 "Мрия" (украин тилинен которгондо "кыял") — дүйнөлүк авиация тарыхында эң ири жана көп жүк көтөрө алган учак. Май толук куюлган учурда 15 миң чакырымды учуп өтө алат.
Кыргызстанга бул учак үчүнчү ирет келип жатат, буга чейин 2013 жана 2018-жылдары "Манас" аэропортуна конгон.