Канча бюллетень жараксыз чыкканы белгилүү болду. Жыйынтыкка таасир этеби?

БШКнын мүчөсү кол менен саноо учурунда жарактан чыккан бюллетендер азайышы мүмкүндүгүн кошумчалады.
Sputnik
БИШКЕК, 29-ноя. — Sputnik. Парламенттик шайлоодо АСУга салынган бюллетендердин дээрлик 10 пайызы жараксыз чыкты. Бул тууралуу БШКнын сайтында көрсөтүлөт.
Тагыраак айтканда, 122 763 бюллетень жараксыз чыккан, бул жалпы добуштардын 9,64 пайызын түзөт.
ЖКга шайлоонун партиялар боюнча жыйынтыгы чыкты. АСУ эсеби
Жалпысынан 1 273 557 кыргызстандык добуш берүүгө катышты, аталган көрсөткүч шайлоочулардын 34,39 пайызын түзөт.
Ал эми БШКнын мүчөсү Кайрат Маматов Sputnik Кыргызстандын кабарчысына жараксыз бюллетендердин саны канча болбосун шайлоонун жыйынтыгына таасир этпей турганын билдирди.
Ошондой эле ал кол менен саноо учурунда жарактан чыккан бюллетендер азайышы мүмкүндүгүн кошумчалады.