"Бүтүн Кыргызстан" партиясынан кимдер өттү? 6 талапкердин аты-жөнү

"Бүтүн Кыргызстан" партиясы АСУнун болжолдуу жыйынтыктарына ылайык, республика боюнча шайлоочулардын 6,5 пайыз добушуна ээ болду.
Sputnik
БИШКЕК, 28-ноя. — Sputnik. Борбордук шайлоо комиссиясы жарыялаган АСУ эсебинин натыйжасы боюнча Жогорку Кеңештин VII чакырылышына кимдер депутат болуп барары белгилүү болду.
Ага ылайык, "Бүтүн Кыргызстан" партиясынан алты талапкер эл өкүлү болуп келген.
Аталган партия алдын ала эсеп боюнча республика боюнча шайлоочулардын 6,5 пайыз добушуна ээ болду.
АСУ болжолдуу жыйынтыктарды жарыялагандан кийин БШК добуштарды кол менен санайт. 18-декабрга чейин БШК парламенттик шайлоонун партиялык тизме боюнча да, бир мандаттуу округ боюнча да акыркы жыйынтыгын айтышы керек.