Марат Иманкулов: БШКнын сайтына хакердик чабуул болду

Иманкулов шайлоонун жыйынтыгын бурмалоого эч кимге жол берилбей турганын белгиледи. Хакердик чабуул таасир эткен жок.
Sputnik
БИШКЕК, 28-ноя. — Sputnik. Коопсуздук кеңештин катчысы, парламенттик шайлоону өткөрүү боюнча Республикалык штабдын жетекчиси Марат Иманкулов БШКнын сайтына 20 өлкөдөн хакердик чабуул болгонун билдирди.
Ал маалымат борборунда шайлоодон кийинки кырдаал тууралуу билдирүү жасады.
"Коопсуздук кеңешинин төрагасынын орун басары Таалатбек Масадыков менен БШКнын серверин текшергени бардык. Ошол убакта адистер кандайдыр бир чабуул болгонун айтышты. Былтыр да ушундай аракеттер болгон экен, бирок экрандан хакердик чабуулду тосуп жатканын көрсөтүштү. Катуу корголгондуктан таасир эткен жок. Адис "чабуулдарды басаңдатып, жол берген жокпуз" деп айтты", — деди Иманкулов.
Ошондой эле шайлоонун жыйынтыгын бурмалоого эч кимге жол берилбей турганын кошумчалады.
Белгилей кетсек, БШКнын сайты эки жолу иштебей калган. Биринчисинде партиялардын алган добуштарын пайыздык көрсөткүч менен эсептей келгенде 100 эмес, 140 пайызга чыгып кеткен. Ошондой эле АСУдан түшкөн добуштарды көрсөтүп жаткан сайт маалымат бербей жабылып калган.