Бишкекте бензин, алтын жана евро кымбаттады. 29-ноябрга карата баалар

Sputnik Кыргызстан редакциясы Бишкекте алтын, күйүүчү май жана чет элдик валюталардын баасы кандай өзгөргөнүнө баам салып турат.
Sputnik
БИШКЕК, 29-ноя. — Sputnik. "Газпром нефть Азия" компаниясынын май куюучу жайларында АИ-95 үлгүсүндөгү бензиндин баасы 1 сомго кымбаттады. Бул тууралуу мекеменин сайтында жарыяланган.
Дизель майы дагы бир сомго кымбатыраак сатыла баштады. Ал эми АИ-92 үлгүсүндөгү бензин мурдагы баасын кармап турат.
"Бишкек Петролеум" май куюучу жайларында баалар өзгөргөн жок.
"Бишкек Петролеум":
"Газпром нефть Азия":
Доллардын курсу өзгөргөн жок. Акча алмаштыруу жайларында жана коммерциялык банктарда АКШ акчасы 84,90 сомдон сатылууда. Ошол эле учурда расмий курс 2 тыйынга төмөндөп, 84,77 сомду түздү.
Евро кымбаттады. Аны учурда сатып алуу 95,12 сом, сатуу 96,50 сомдон болууда.
Алтындын баасы көтөрүлүп, 1 граммы 33 сомго кымбат сатылып жатат.