Билим берүү жана илим министрлиги 90 млн. сомго тендер жарыялады

Министрлик "Электрондук мектеп" долбоорунун алкагында мектептерге 90 миллион 713 миң 688 сомго 1 612 даана компьютер сатып алмакчы.
Sputnik
БИШКЕК, 29-ноя. — Sputnik. Билим берүү жана илим министрлиги 90 миллион сомдон ашык каражатка тендер өткөрөт. Буюртма Мамлекеттик сатып алуулар порталына жарыяланды.
Маалыматка ылайык, министрлик "Электрондук мектеп" долбоорунун алкагында жалпы билим берүү мекемелерине компьютердик техника сатып алат.
Жалпы 90 миллион 713 миң 688 сомго 1 612 даана компьютер сатып алмакчы болгон.