Түркмөн башчысы Бердымухамедовдун жубайы алгачкы жолу коомчулукка чыкты. Сүрөт

Эл көзүнөн оолак жүргөн канайымды түрк басылмалары тартып алган. Ачык маалыматтарда ал жолдошу менен жашташ экени жана төрт баланы тарбиялаганы айтылат.
Sputnik
БИШКЕК, 29-ноя. — Sputnik. Түркмөнстандын башчысы Гурбангулы Бердымухамедовдун жубайы Огулгерек Бердымухамедова алгачкы жолу коомчулукка чыкты. Бул тууралуу Түркиянын Sondakika агенттиги жазды.
​Ага ылайык, Ашхабад шаарында Гурбангулы Бердымухамедов менен Түркиянын өлкө башчысы Режеп Тайип Эрдоган жолуккан.
Бердымухамедовдун вице-премьерлер менен футбол ойногон видеосу
Түрк лидери жубайы Эмине Эрдоган менен Түркмөнстанга Экономикалык кызматташтык уюмунун жыйынына катышуу үчүн келген.
Бул сапарды чагылдырган түрк басылмалары президенттерди жубайлары менен тарткан. ЖМКлар бул Түркмөнстандын канайымы Огулгерек Бердымухамедованын расмий алгачкы сүрөтү экенин белгилеген. Ошол эле түркмөн ЖМКлары биринчи айымдын сүрөтүн жарыялаган эмес.
Огулгерек Бердымуxамедова — эл көзүнөн оолак, табышмактуу каныйымдардын бири. Үч кыз, бир уулдун апасы. Ачык маалыматтарда ал жолдошу менен жашташ экени айтылат.