Бангладеште тогуз коргоол кулач жая баштады. Даккадагы мелдештен сүрөттөр

Кыргыздын улуттук интеллектуалдык оюну Бангладеште кенен тарап жатат. Бүгүнкү күндө бул оюнга көптөгөн дүйнө эли кызыгууда.
Sputnik
БИШКЕК, 29-ноя. — Sputnik. Бангладеште спорттун этникалык түрлөрү, анын ичинде кыргыздын улуттук тогуз коргоол оюну боюнча турнир өттү. Бул тууралуу International Jomasar Council уюмунун экс-вице-президенти, CKU Roermond менеджеринин жардамчысы жана Бангладеш этноспорт ассоциациясынын Нидерланддагы өкүлү Роза Мукамбетова билдирди.
1 / 2
Бангладеште спорттун этникалык түрлөрү, анын ичинде кыргыздын улуттук тогуз коргоол оюну боюнча турнир өттү
2 / 2
Анын айтымында, кыргыздын салттуу тогуз коргоол оюну боюнча мелдеш 23-ноябрда Бангладештин борбору Дакка шаарында өткөн
Анын айтымында, кыргыздын салттуу тогуз коргоол оюну боюнча мелдеш 23-ноябрда Бангладештин борбору Дакка шаарында өткөн.
"Мелдешке 200 спортчу кыз катышкан. Малиха Масруор (Maliha Masroor) биринчи орунду ээлеп, турнирдин чемпиону болду. Экинчи орунду Шрабони Актер (Shrabony Akter), ал эми Рабея Махджабин Бристи (Rabeya Mahjabin Bristy) үчүнчү орунду камсыздашкан", — деген ал.
Бишкекте тогуз коргоол боюнча жаштар арасында өлкө чемпионаты өтөт
Жеңүүчүлөрдү сыйлоо аземине өлкөнүн Тогуз коргоол ассоциациясынын негиздөөчүсү жана Эл аралык этноспорт ассоциациясынын башкы катчысы Мухаммад Аль Мамун (Md. Al Mamun) катышты. Ал кыргыздын улуттук оюнун Чолпон-Атада өткөн Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынан көргөндөн тарта өз өлкөсүндө мелдештерди уюштура баштаган. Түркиянын Бангладештеги элчиси Мустафа Осман Туран мелдештин расмий коногу болду", — деген Мукамбетова.
Ал белгилегендей, кыргыздын улуттук интеллектуалдык оюну Бангладеште кенен жайылып жатат. Бүгүнкү күндө бул оюнга көптөгөн дүйнө эли кызыгууда.