"National Geographic Россия" сайтынын жазганына караганда, шейхтин бир нече арстандары, жыландары, аюусу жана башка элди чочуткан да, таңданткан да жаныбарлары бар.
Бардык жаныбарлар анын өтө көлөмдүү үйүнүн жанындагы атайын зоопаркта жайгашкан. Аларда сергитүүчү атайын жабдуулар да орнотулган.
Маалыматта мамалактын ээсинин автоунааларын абдан жакшы көрөрүн, дегеле техникага жакын экени айтылат. Кээ бир учурда кожоюндун темир тулпарынын салонуна кирип алган учурларына да күбө болуп келишет.
Жакында эле жырткыч жаныбар кадимки адатын кайталайын деген тейде ээси айдап келген Lamborghini Huracan Performante автоунаасынын эшигин жулуп алган видео тарады.
Маалыматта анын салмагы 300 килограммга жакын экени айтылат.
Кадрдан салмагын салып, салонго кирем деп тырмышып жатып кичинекей аюу эшикти жулуп алып, жанындагы кишилер кыйкырып жибергенде, чочуп кетип качып бара жатканын көрүүгө болот. Бирок автоунаа менен жырткычтын кожоюну Альбукаиш буга каткырып күлүп, колундагы алмасын сүйүктүү жаныбарына берип узатып жиберген.
Сайт маалыматта айтылган автоунаадан сырткары шейх кымбат баалуу бир нече темир тулпарлардын ээси экендигин жазган.