Жогорку Кеңешке 6 партия өтмөй болду. Жаңыланган маалымат

Парламенттик жарышка быйыл 21 партия катышты. Партиялык тизме боюнча талапкерлердин жалпы саны 1004ү түздү. Бирок депутаттык кресло 54үнө гана берилет. Калган 36сы бир мандаттуу округ менен келет.
Sputnik
БИШКЕК, 28-ноя. — Sputnik. Кыргызстанда Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо аяктады. Автоматтык эсептөөчү урналардан (АСУ) алынган маалыматка караганда, парламентке 6 партия өттү.
Белгилей кетсек, АСУ эсеби шайлоонун акыркы жыйынтыгы катары эсептелбегендиктен маалымат толукталып турат. Учурда добуштардын 88,29 пайызы саналып бүттү.
Буга чейин Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) сайтынан алынган маалымат боюнча Жогорку Кеңешке 10 партия өткөн. Бирок мекеменин сайтында мүчүлүштүк болуп, эсептөөлөр туура эмес жүргүзүлгөнү маалым болду. 
Жаңы болжолдуу жыйынтык боюнча тизме:
Шайлоонун бир мандаттуу округ боюнча алдын ала жыйынтыгы. АСУ эсеби
Быйыл Жогорку Кеңешке шайлоо жаңы схема менен өтүүдө. 54 талапкер тизме менен шайланат, 36 талапкер бир мандаттуу округ менен келет. Жалпы 21 партия ат салышты.
Өлкө боюнча шайлоого катышкан жарандардын 5 пайыздан, жети облустан жана Бишкек, Ош шаарларынан 0,5 пайыздан кем эмес добуш алган партияга парламенттин эшиги ачылат. Канчалык көп добуш алса, ошончо мандатка ээ болот, бирок бир эле партияга 27ден көп мандат берилбейт.