БИШКЕК, 28-ноя. — Sputnik. Борбордук шайлоо комиссиясы Жогорку Кеңешке шайлоодо бир мандаттуу округ боюнча АСУ эсептеген жыйынтыкты жарыялады.
Анын ичинен №14 Жалал-Абад шайлоо округунан Шаирбек Ташиев алдыга оозуп чыкты. Ал шайлоочулардын 62,76 пайыз добушун (67,24 пайыз добуш саналып бүттү) топтоду.
Белгилей кетсек, бул АСУнун (автоматтык эсептөө урнасынын) гана жыйынтыгы. Эми БШК добуштарды кол менен эсептейт. Жогорку Кеңешке шайлоонун акыркы жыйынтыгы 18-декабрга чейин маалым болот.