БИШКЕК, 28-ноя. — Sputnik. Борбордук шайлоо комиссиясы Жогорку Кеңешке шайлоодо бир мандаттуу округ боюнча АСУ эсептеген жыйынтыкты жарыялады.
Ага ылайык, № 36 Ысык-Көл шайлоо округунан эң көп добушка Максатбек Сарыбагышев ээ болду.
Белгилей кетсек, бул АСУнун (автоматтык эсептөө урнасынын) гана жыйынтыгы. Эми БШК добуштарды кол менен эсептейт. Жогорку Кеңешке шайлоонун акыркы жыйынтыгы 18-декабрга чейин маалым болот.