Шайлоонун бүтөрүнө эки саат калды. Добуш бергендер 30 пайызга жеткен жок

Саат 20:00дө шайлоо участкалары жабылат. Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоого 3 миллион 703 миң 420 жаран катышуу укугуна ээ.
Sputnik
БИШКЕК, 28-ноя. — Sputnik. Бирдиктүү шайлоо округу боюнча саат 18:00гө карата 1 050 163 кыргызстандык добуш берди. Бул көрсөткүч шайлоочулардын 28,36 пайызын түзөт.
Учурда Нарын, Талас облустарынын тургундары активдүүлүгүн көрсөтүүдө (32,05 жана 31,8 пайыз), Чүй облусу дагы деле артта (25,31 пайыз) баратат.
Ал эми бир мандаттуу округ боюнча шайлоочулардын 28,66 пайызы же 1 037 373 миң жаран өз тандоосун жасады.
Белгилей кетсек, чет өлкөдө жүргөн жарандар бир мандаттуу округдан көрсөтүлгөн талапкерлерди шайлай албайт. Буга байланыштуу эки системанын ортосунда айырмачылык болот.
Бул парламенттик шайлоого келгендердин саны төмөн болууда. Алсак, 10-январда өткөн президенттик шайлоодо саат 18:00дө добуш бергендер 33,13 пайызды түзгөн. Ал эми былтыр жыйынтыгы жокко чыккан парламенттик шайлоодо 45,26 пайызга жеткен.
ИИМ айрым талапкерлер бир добуштун "баасын" канчага көтөргөнүн айтты
Саат 20:00дө шайлоо участкалары жабылат. Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоого 3 миллион 703 миң 420 жаран катышуу укугуна ээ. Анын ичинен 84 128 шайлоочу башка өлкөлөрдөн катталган.
Бул ирет парламенттик шайлоо аралаш система менен өтүп, 90 талапкерге мандат берилет. 54 депутат партиялык тизме, 36сы бир мандаттуу округ аркылуу тандалмакчы. 21 саясий партия, бир мандаттуу округдан 287 талапкер ат салышууда.
Бүгүн эртең мененки саат 8:00дө 2 494 шайлоо участкасы ачылды. Анын ичинде 59 шайлоо тилкеси чет мамлекетте жүргөн кыргызстандыктарды тейлемекчи.
Шайлоонун жүрүшү тууралуу соңку маалыматтарды, сүрөт, видеолорду Sputnik Кыргызстандын онлайн репортажынан көрө аласыздар