Садыр Жапаров менен жубайы Айгүл Жапарова шайлоодо добуш беришти

Президенттин үй-бүлөсү жашаган аймагы боюнча Чоң-Арык айылындагы №1053 шайлоо участогуна карайт.
Sputnik
БИШКЕК, 28-ноя. — Sputnik. Президент Садыр Жапаров жубайы Айгүл Жапарова менен шайлоо участкасына келип, добуш берди.
Президенттин үй-бүлөсү жашаган аймак Чоң-Арык айылындагы №1053 шайлоо участогуна карайт.
Добуш берип бүткөн соң өлкө башчы элге кайрылып, келечекке кайдыгер карабай, шайлоого активдүү катышууга чакырды.
Эске салсак, бүгүн кыргызстандыктар Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлап жатат. Бул ирет 54 депутат партиялык тизме аркылуу, 36сы бир мандаттуу округдардан шайланып келет.