Ноокат шайлоо округунан ким депутат болушу мүмкүн? Алдын ала жыйынтык

Белгилей кетсек, бул АСУнун (автоматтык эсептөө урнасынын) гана алдын ала жыйынтыгы. Эми БШК добуштарды кол менен эсептейт. Жогорку Кеңешке шайлоонун акыркы жыйынтыгы 18-декабрга чейин маалым болот.
Sputnik
БИШКЕК, 28-ноя. — Sputnik. Борбордук шайлоо комиссиясы Жогорку Кеңешке шайлоодо бир мандаттуу округ боюнча АСУ эсептеген жыйынтыкты жарыялады.
Ош облусунун Ноокат шайлоо округунан ат салышкан үч таалпкердин ичинен Жусупбек Коргонбай уулу 45,94 пайыз ( 54,72 пайызы саналып бүттү) добуш алып алдыга чыкты.
№5 Ноокат шайлоо окрунда 82 006 шайлоочу бар.
Ноокат районунун Гулистан айыл аймагындагы № 5400, 5401, 5525, 5593 шайлоо участкалары, Ноокат шаары, Мирмахмудов, Кара-Таш, Т.Зулпуев, Кыргыз-Ата, Кеңеш, Н. Исанов, Көк-Бел айыл аймактары биригет.
Белгилей кетсек, бул АСУнун (автоматтык эсептөө урнасынын) гана жыйынтыгы. Эми БШК добуштарды кол менен эсептейт. Жогорку Кеңешке шайлоонун акыркы жыйынтыгы 18-декабрга чейин маалым болот.