Ноокен шайлоо округунан ким парламентке келиши күтүлүүдө

Белгилей кетсек, бул АСУнун (автоматтык эсептөө урнасынын) гана алдын ала жыйынтыгы. Эми БШК добуштарды кол менен эсептейт. Жогорку Кеңешке шайлоонун акыркы жыйынтыгы 18-декабрга чейин маалым болот.
Sputnik
БИШКЕК, 28-ноя. — Sputnik. Борбордук шайлоо комиссиясы Жогорку Кеңешке шайлоодо бир мандаттуу округ боюнча АСУ эсептеген жыйынтыкты жарыялады.
Жалал-Абад облусунун №16 Ноокен шайлоо округунан беш талапкер ат салышып, эң көп добушту Бактыбек Сыдыков алды. Алды шайлоочулардын 55,65 пайыз добушун алган. Учурда жалпы добуштардын 75,56 пайызы эсептелген.
Белгилей кетсек, бул АСУнун (автоматтык эсептөө урнасынын) гана жыйынтыгы. Эми БШК добуштарды кол менен эсептейт. Жогорку Кеңешке шайлоонун акыркы жыйынтыгы 18-декабрга чейин маалым болот.