Медетбек Садыркуловду өлтүрүүгө шектелгендердин бири кармалды

Укук коргоо органдарынын кызматкерлери 26-ноябрда кармаган шектүүнү Биринчи май райондук соту эки айга камакка алуу чечимин чыгарды.
Sputnik
БИШКЕК, 28-ноя. — Sputnik. Медетбек Садыркуловду өлтүрүүгө шектелип Санжар Сапарбеков аттуу жаран кармалды. Бул тууралуу ИИМдин маалымат кызматы кабарлады.
Душманга каалабаган өлүм, ишке ашпай калган план. Медет Садыркулов жөнүндө 6 факты
Ал эми 27-ноябрда Биринчи май райондук соту аны эки айга камакта калтыруу чечимин чыгарды.
Эске салсак, КР президентинин аппаратынын мурдагы жетекчиси Медет Садыркулов 2009-жылы март айында мыкаачылык менен өлтүрүлгөн.