Манас шайлоо округунан эң көп добуш алган талапкер

Бул АСУнун (автоматтык эсептөө урнасынын) гана алдын ала жыйынтыгы. Эми БШК добуштарды кол менен эсептейт. Жогорку Кеңешке шайлоонун акыркы жыйынтыгы 18-декабрда маалым болот.
Sputnik
БИШКЕК, 28-ноя. — Sputnik. Борбордук шайлоо комиссиясы Жогорку Кеңешке шайлоодо бир мандаттуу округ боюнча АСУ эсептеген жыйынтыкты жарыялады.
Анын ичинен Талас облусундагы №20 Манас шайлоо округунан Дастанбек Жумабеков шайлоочулардын 39,43 пайыз добушун алып, атаандаштарын артта калтырды (жалпы шайлоочулардын 100 пайыз добушу саналды). Бардыгы алты талапкер аттанган.
Округдагы шайлоочулардын саны — 82 676. Ага Кара-Буура жана Манас райондору толугу менен, Бакай-Ата районунун Ак-Дөбө, Боо-Терек, Ленинполь, Миң-Булак, Оро айыл аймактары кирет.
Белгилей кетсек, бул АСУнун (автоматтык эсептөө урнасынын) гана жыйынтыгы. Эми БШК добуштарды кол менен эсептейт. Жогорку Кеңешке шайлоонун акыркы жыйынтыгы 18-декабрда маалым болот.