Бишкектеги Ленин шайлоо округунан эң көп добуш алган талапкер

Бул АСУнун (автоматтык эсептөө урнасынын) гана алдын ала жыйынтыгы. Эми БШК добуштарды кол менен эсептейт. Жогорку Кеңешке шайлоонун акыркы жыйынтыгы 18-декабрга чейин маалым болот.
Sputnik
БИШКЕК, 28-ноя. — Sputnik. Борбордук шайлоо комиссиясы Жогорку Кеңешке шайлоодо бир мандаттуу округ боюнча АСУ эсептеген жыйынтыкты жарыялады.
Ага ылайык, Бишкек шаарындагы № 26 Ленин шайлоо округунан азырынча Жаныбек Абиров алдыда. Аталган шайлоо округунан жалпы 11 талапкер аттанган.
Бул АСУнун (автоматтык эсептөө урнасынын) гана алдын ала жыйынтыгы. Эми БШК добуштарды кол менен эсептейт. Жогорку Кеңешке шайлоонун акыркы жыйынтыгы 18-декабрга чейин маалым болот.