БИШКЕК, 28-ноя. — Sputnik. Автоматтык түрдө санаган электрондук урнанын (АСУ) эсебинин негизинде чыгарылган шайлоонун болжолдуу жыйынтыгынан кийин кол менен кайра эсептөө гана шайлоонун 100 пайыз ачыктыгын камсыздай алат. Бул тууралуу Россиянын федералдык жыйынынын Мамлекеттик Думасынын КМШ иштери, евразиялык интеграция жана мекендештер менен байланыш боюнча комитетинин төрагасынын биринчи орун басары Казбек Тайсаев билдирди.
Ал Sputnik Кыргызстан агенттигинин маалымат борборунда өткөн КМШ Парламенттер аралык ассамблеясынын байкоочуларынын брифингине катышты.
"Кыргызстанда шайлоо биометрикалык маалыматтарды колдонуу менен өтүүдө. Добуш берүү бүткөндөн кийин комиссия мүчөлөрү бюллетендерди кайра санашат. Мунун баары шайлоонун 100 пайыз айкындуулугун камсыздайт. Бул башка мамлекеттер үйрөнө турчу нерсе. Силер киргизген системаны колдонсо болот", — деген Тайсаев.
Ал белгилегендей, Россияда дагы добуштарды электрондук түрдө санаган жабдык иштейт, бирок андан алынган маалыматтар текшерилбейт. Кайра саноо үчүн соттун чечими керек. Кыргызстанда бул мыйзам жүзүндө жолго коюлган.
Тайсаев парламенттик шайлоону уюштурууга жогорку деңгээлде баа берип, добуш берүүчүлөргө бардык шарттар түзүлгөнүн кошумчалады.