Кыргызстанда эки саатта 108 миң шайлоочу добуш берди. 10:00гө карата маалымат

Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоого 3 миллион 703 миң 420 жаран катышуу укугуна ээ. Анын ичинен 84 128 шайлоочу башка өлкөлөрдөн добуш берет.
Sputnik
БИШКЕК, 28-ноя. — Sputnik. Бирдиктүү шайлоо округу (партиялык тизме) боюнча саат 10:00гө карата 107 852 жаран добуш берди. Бул жалпы шайлоочулардын 1,91 пайызын түзөт. Бул туурасында БШКнын төрайымы Нуржан Шайлдабекова билдирди.
Ал эми бир мандаттуу округдар боюнча 103 332 жаран же шайлоочулардын 2,86 пайызы тандоо жасады.
"Бардык шайлоо участкаларында эркин добуш берүүгө шарт түзүлгөн. Жарандарды шайлоого катышып, өз укуктарын ишке ашырууга чакырам", — деп кайрылды Шайлдабекова.
Белгилей кетсек, чет өлкөдө жүргөн жарандар бир мандаттуу округдан көрсөтүлгөн талапкерлерди шайлай албайт. Ошондуктан ортодо айырма бар. Учурда чет мамлекеттерде 24 шайлоо участкасы иштеп жатат.
Келечегибиз аныкталат! Жапаров элди активдүү добуш берүүгө чакырды. Видео
Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоого 3 миллион 703 миң 420 жаран катышуу укугуна ээ. Алардын баары Кыргызстанда эмес, 84 128 шайлоочу башка өлкөлөрдө жүрөт.
Бул ирет парламенттик шайлоо аралаш система менен өтүп, 90 талапкерге мандат берилет. 54 депутат партиялык тизме, 36сы бир мандаттуу округ аркылуу тандалмакчы. 21 саясий партия, бир мандаттуу округдан 287 талапкер ат салышууда.
Бүгүн эртең мененки саат 8:00дө 2 494 шайлоо участкасы ачылды. Анын ичинде 59 шайлоо тилкеси чет мамлекетте жүргөн кыргызстандыктарды тейлемекчи.
Шайлоонун жүрүшү тууралуу соңку маалыматтарды, сүрөт, видеолорду Sputnik Кыргызстандын онлайн-репортажынан көрө аласыздар.