Куршаб шайлоо округунан ким биринчи келе жатат. АСУнун алдын ала эсеби

Бул АСУнун (автоматтык эсептөө урнасынын) гана алдын ала жыйынтыгы. Эми БШК добуштарды кол менен эсептейт. Жогорку Кеңешке шайлоонун акыркы жыйынтыгы 18-декабрга чейин маалым болот.
Sputnik
БИШКЕК, 28-ноя. — Sputnik. БШКнын Жогорку Кеңешке шайлоодо бир мандаттуу округдан АСУ эсептеген жыйынтыктын негизинде №10 Куршаб шайлоо округу боюнча 53.95 пайыз алып, азырынча Данияр Төлөнов алдыда келе жатат.
Бул аймактан 10 талапкер аттанган. Куршаб шайлоо округундагы шайлоочулардын жалпы саны 112 миңден ашат.
Белгилей кетсек, бул АСУнун (автоматтык эсептөө урнасынын) гана жыйынтыгы. Эми БШК добуштарды кол менен эсептейт. Жогорку Кеңешке шайлоонун акыркы жыйынтыгы 18-декабрга чейин маалым болот.
Маалымат бир аздан кийин толукталат.