Көк-Жар шайлоо округунан эң көп добушту ким алды? Алдын ала жыйынтык

Белгилей кетсек, бул АСУнун (автоматтык эсептөө урнасынын) гана алдын ала жыйынтыгы. Эми БШК добуштарды кол менен эсептейт. Жогорку Кеңешке шайлоонун акыркы жыйынтыгы 18-декабрга чейин маалым болот.
Sputnik
БИШКЕК, 28-ноя. — Sputnik. Борбордук шайлоо комиссиясы Жогорку Кеңешке шайлоодо бир мандаттуу округ боюнча АСУ эсептеген жыйынтыкты жарыялады.
Ош облусунун №4 Көк-Жар шайлоо округунан 31,46 пайыз добуш менен Өмүрбек Бакиров алдыда келе жатат. Учурда добуштардын 71,43 пайызы эсептелип бүттү. Аталган шайлоо окуругдан 8 талапкер ат салышкан.
№4 Көк-Жар шайлоо округундагы шайлоочулардын саны — 80426.
Ага Араван районунун Төө-Моюн айыл аймагы, Ноокат районунун Төөлөс, Ынтымак, Т. Кулатов, Он-Эки-Бел, Найман, Көк-Жар, Бел, Жаңы-Ноокат айыл аймактары толугу менен, Гулистан айыл аймагындагы № 5402, 5403 шайлоо участкалары кирет.
Белгилей кетсек, бул АСУнун (автоматтык эсептөө урнасынын) гана жыйынтыгы. Эми БШК добуштарды кол менен эсептейт. Жогорку Кеңешке шайлоонун акыркы жыйынтыгы 18-декабрга чейин маалым болот.