БИШКЕК, 28-ноя. — Sputnik. БШКнын Жогорку Кеңешке шайлоодо бир мандаттуу округдан АСУ эсептеген жыйынтыктын негизинде №32 Кочкор шайлоо округу боюнча 97.70 пайызын алып, азырынча Мирлан Самыйкожо алдыда келе жатат.
Кочкор, Ак-Талаа жана Жумгал райондорунан бардыгы болуп 16 талапкер аттанган.
Округдагы шайлоочулардын саны — 104 250. Кочкор, Ак-Талаа жана Жумгал райондору бириктирилип аталган округ түзүлгөн.
Белгилей кетсек, бул АСУнун (автоматтык эсептөө урнасынын) гана жыйынтыгы. Эми БШК добуштарды кол менен эсептейт. Жогорку Кеңешке шайлоонун акыркы жыйынтыгы 18-декабрга чейин маалым болот.
Маалымат бир аздан кийин толукталат.