Караколдо кышкы туристтик сезон ачылды. Көз жоосун алган сүрөттөр

Кыргызстанда лыжа тебүү сезону ноябрь-декабрь айларында башталып, апрелге чейин созулат. Ал эми лыжа тебүү үчүн эң ыңгайлуу мезгил — февраль жана март айлары.
Sputnik
БИШКЕК, 28-ноя. — Sputnik. Кыргызстанда 2021-2022-жылдагы кышкы туристтик сезон расмий түрдө "Каракол" тоо лыжа комплексинде ачылды. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги кабарлады.
Иш-чарага министр Азамат Жаманкулов, Туризм департаментинин, Швейцариянын Кыргызстандагы элчилигинин өкүлдөрү, өнөктөштөр, туристтер жана эс алуучулар катышкан.
1 / 7
Кыргызстанда 2021-2022-жылдагы кышкы туристтик сезон расмий түрдө "Каракол" тоо лыжа комплексинде ачылды.
2 / 7
Иш-чарага министр Азамат Жаманкулов, Туризм департаментинин, Швейцариянын Кыргызстандагы элчилигинин өкүлдөрү, өнөктөштөр, туристтер жана эс алуучулар катышкан.
3 / 7
Жаманкулов меймандарга көңүлдүү маанай каалап, Кыргызстандын ажайып кооз жаратылышына аяр мамиле кылууга жана сүйүүгө чакырган.
4 / 7
Министр Кыргызстандын бийик тоолору жаратылышты сүйүүчүлөр жана лыжа тебүүчүлөр үчүн чоң табылга жана зор мүмкүнчүлүк деген.
5 / 7
Министрликтин маалыматы боюнча, өлкөдө жалпысынан 23 тоо лыжа базасы бар, азыр анын 17си иштейт.
6 / 7
Заманбап тоо лыжа базалары негизинен Чүй менен Ысык-Көлдө жайгашкан.
7 / 7
Кыргызстанда лыжа тебүү сезону ноябрь-декабрь айларында башталып, апрелге чейин созулат.
Жаманкулов меймандарга көңүлдүү маанай каалап, Кыргызстандын ажайып кооз жаратылышына аяр мамиле кылууга жана сүйүүгө чакырган.
"Министр кышкы туризм өлкө экономикасы үчүн маанилүү багыттардын бири экенин белгилеп, бул багытта көптөгөн иштер мерчемделип жатканын айтты. Туризм өлкөнүн бардык аймактарында жумуш орундарын түзүүгө жана экономиканы өнүктүрүүгө көмөктөшкөн тармак болуп эсептелерин, андыктан Кыргызстандын туристтик дараметин жогорулатуу жана ага шарт түзүү негизги маселе экенин белгиледи", — деп жазылган билдирмеде.
Радио
Шатманов: туризм тармагына инвестиция тартуу аракети күч
Министр Кыргызстандын бийик тоолору жаратылышты сүйүүчүлөр жана лыжа тебүүчүлөр үчүн чоң табылга жана зор мүмкүнчүлүк деген.
Министрликтин маалыматы боюнча, өлкөдө жалпысынан 23 тоо лыжа базасы бар, азыр анын 17си иштейт. Заманбап тоо лыжа базалары негизинен Чүй менен Ысык-Көлдө жайгашкан.
Кыргызстанда лыжа тебүү сезону ноябрь-декабрь айларында башталып, апрелге чейин созулат. Ал эми лыжа тебүү үчүн эң ыңгайлуу мезгил — февраль жана март айлары.