БИШКЕК, 28-ноя. — Sputnik. Индиянын Бихар штатында көзү өткөн саясатчы жергиликтүү өз алдынча башкаруу органына шайлоодо жеңүүчү болду. Бул тууралуу РИА Новости маалымат булагы NDTV телеканалына таянып жазды.
Жергиликтүү тургундар маркумдун акыркы тилегин аткаруу үчүн ага добуш беришкен.
Маалыматта айтылгандай, 24-ноябрда шайлоонун жыйынтыгы чыгарылган күнү жеңүүчүлөрдүн бири эч жерден табылган эмес. Кийинчерээк анын 6-ноябрда эле көз жумганы белгилүү болгон.
Маркум Сохан Мурмунун үй-бүлөсү шайлоодо жеңишке жетүү анын акыркы тилеги болгонун, айыл тургундары маркумдун акыркы каалоосу орундалсын деп ага добуш беришкенин айтты. Жергиликтүү бийлик эми кайрадан шайлоо өткөрмөкчү.