БИШКЕК, 28-ноя. — Sputnik. Россиялык блогер Гусейн Гасанов Instagram баракчасынын Stories бөлүмүндө кыргызстандык таксист Эген Апсаматовдун постун бөлүштү.
"Ушул окуядан кийин, кыргыздар, азаматсыңар деп тартынбай айта алам", — деп жазган блогер.
Эске салсак, Гасанов бир нече күн мурда автоунаа белек кылган кыргызстандык Эген Апсаматовдун үй-бүлөсү менен таанышкан. Жолугушуу Апсаматов белекке алган KIA Rio автоунаасы менен келип токтогон унаа токтотуучу жайлардын биринде болгон.
Кыргызстандык жаран блогерди үй-бүлөсү менен тааныштырып, Instagram социалдык тармагына катталганын айтты. Ошондой эле ал Кыргызстандын өкмөтү аны менен байланышып, жардам сунушташканын кошумчалады.
"Сиз жөн гана автоунаа белек кылып койбой, жашообузду, өзгөчө кызыбыздын жашоосун өзгөрттүңүз. Рахмат", — деди таксисттин жубайы.
Өткөн жумада Гусейн Гасанов менен Арутюн Назарян Москвада такси айдап иштеген кыргызстандыкка автоунаа белек кылган. Блогерлер социалдык эксперимент жүргүзүп, акчасы жок адамдын образын жараткан. Эгер кимде ким аларды акысыз жеткирүүгө макул болсо, ошого жаңы автоунаа алып берүүнү убадалашкан. "Байкуштардын" өтүнүчүн бир нече таксист четке каккан. Акыры кыргызстандык таксист Эген Апсаматов макул болуп, айткан дарегине жеткирген.