ЗАГСтан түз шайлоого. Ысык-Көлдө жаңы үйлөнгөн эки жаштын добуш берген сүрөтү

Бул окуя облустун Тоң районундагы №3212 шайлоо участкасында болгон. Эки жаш үлпөт кийимчен келишкен.
Sputnik
БИШКЕК, 28-ноя. — Sputnik. Ысык-Көлдүн Тоң районунда баш кошкон эки жаш парламенттик шайлоодо добуш беришти. Мындай маалыматты Борбордук шайлоо комиссиясы өзүнүн Facebook баракчасына жазып, сүрөттөрүн чыгарды.
1 / 2
2 / 2
Жаштар ЗАГСтан түз эле шайлоо тилкесине келишкен. Бул окуя облустун Тоң районундагы №3212 шайлоо участкасында катталды.
Бишкекте парламенттик шайлоонун жүрүшүн көрсөткөн 15 сүрөт
Эске салсак, бүгүн өлкөдө Жогорку Кеңешке депутаттарды шайлоо жүрүп жатат. Бул ирет шайлоо мурдагыларга салыштырмалуу башка эреже менен өтөт. 54 талапкер партиялык тизме (пропорционалдык система), калган 36сы бир мандаттуу округ (мажоритардык система) менен келет. Парламенттин VII чакырылышында депутаттардын саны 90 болот.
Бирдиктүү шайлоо округу боюнча саат 14:00гө карата шайлоочулардын 16,27 пайызы добуш берди. Бул 602 432 кыргызстандык шайлоого катышканын түшүндүрөт.