Шайлдабекова БШКнын сайты эмнеге иштебей калганына жооп берди

БШКнын башчысы эгер шайлоонун жыйынтыгына нааразы тараптар болсо, бюллетендерди кол менен саноо процессине катышууга чакырды.
Sputnik
БИШКЕК, 28-ноя. — Sputnik. Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекова добуш берүүлөрдүн жыйынтыгын көрсөткөн newess.shailoo.gov.kg сайты эмне себептен үзгүлтүккө учураганын түшүндүрдү.
Туруктуулукту бузабыз дегендерге жол бербейбиз! Жапаров элге кайрылды
Шайлдабекованын айтымында, добуш берүүнүн алдын ала жыйынтыгын көрсөткөн эки программа иштелип чыккан. Биринчиси — АСУну автоматтык түрдө эсептөө, экинчиси — АСУдан келген маалыматты жөнөкөйлөштүрүп көрсөткөн версиясы.
"Автоматтык түрдө түшүп жаткан маалыматтарды берүүнү жакшыртуу үчүн сырткы таблица иштелип чыккан. Автоматтык түрдө эсептөө версиясындагы маалымат менен кийинкисинин ортосунда айырмачылык чыгып, техникалык мүчүлүштүк кетти. Биз муну байкап калыбына келтирдик", — деди БШКнын төрайымы.
Шайлдабекова негизги система үзгүлтүккө учурабаганын белгиледи. Ошондой эле ал эгер шайлоонун жыйынтыгына нааразы тараптар болсо бюллетендерди кол менен саноо процессине катышууга чакырды.