Радио

Бекматов: парламенттик шайлоого элдин катышуусу төмөн болууда

Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү Абдыжапар Бекматов парламенттик шайлоого жалпы 736 эл аралык байкоочу көз салып жатканын айтты.
Sputnik
Мурдагы шайлоого салыштырмалуу элдин катышуусу төмөн болууда. Себеби шайлоонун улам-улам өткөрүлүшү, эпидемиологиялык абал процесске кедергисин тийгизип жатат. Мындай пикирин Абдыжапар Бекматов Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, парламенттик шайлоого 58 мамлекет жана 54 уюмдан жалпы 736 эл аралык байкоочулар көз салууда.
"Парламенттик шайлоого республикалык 2435 шайлоо тилкеси, ал эми өлкөнүн чегинен тышкары аймактарда 59 тилке уюштурулган. Кечээ Конституциялык мыйзамдын негизинде шайлоо тилкелеринен тышкары жерлерде бирдиктүү шайлоо округу боюнча арыз берген 13 481 жарандын ичинен 12 137и добуш берди. Ал эми бир мандаттуу шайлоо округу боюнча добуш берүү үчүн арыз берген 13 009 шайлоочунун 11 616сы шайлоого катышты. Биринчи шайлоо тилкеси түнкү үчтөрдө Сахалинде ачылган. Учурда 1-2 шайлоо тилкесине барып абалды карап келдим. Ал жерлерде автоматтык эсептегич урналар керектен чыгып жана иштебей калган учурлар катталган жок. Башка тилкелерде да көйгөй жаралбаганын айтышты. Ал эми байкоочулар азыркы сааттарга карата шайлоо тынч, мыйзамдын негизинде өтүп жатканын, шайлоо комиссиясынын ишине, добуш берүүнүн жүрүшүнө дооматы жок экенин билдиришти. Азырынча арыз-даттануулар, мыйзам бузуулар каттала элек. Социалдык тармактарды да мониторинг кылып жатабыз", — деди Бекматов.
Ал Борбордук шайлоо комиссиясы парламенттик шайлоону өткөрүүгө 592 миллион сом сарптап жатканын кошумчалады.