Бишкекте башкы балаты орнотулуп жатат. Сүрөт

Шаар бийлиги былтыркы балатынын каркасы коюлуп жатканын айтты, анын жасалгалоосу жаңыланар-жаңыланбасы белгисиз.
Sputnik
БИШКЕК, 28-ноя. — Sputnik. Бишкектеги "Ала-Тоо" аянтында өлкөнүн Жаңы жылдык башкы балатысы орнотулуп жатат.
Учурда мэриянын кызматкерлери жасалма балатынын каркасын орнотууда. Ал эми үстүңкү бөлүгүн кран менен чыгып жасашмакчы.
1 / 3
Бишкектеги "Ала-Тоо" аянтында өлкөнүн Жаңы жылдык башкы балатысы орнотулуп жатат.
2 / 3
Учурда мэриянын кызматкерлери жасалма балатынын каркасын орнотууда.
3 / 3
Ал эми үстүңкү бөлүгүн кран менен чыгып жасашмакчы.
Шаар бийлиги былтыркы балатынын каркасы коюлуп жатканын айтты, анын жасалгасы жаңыланар-жаңыланбасы белгисиз.
Балатынын бийиктиги — 25 метр. Мындан сырткары, жыл сайын Жогорку Кеңештин алдына 15 метрлик, Улуттук филармониянын маңдайына 11 метрлик балатылар орнотулуп келет. Борбордук көчөлөр да кооздолот.