Базар-Коргон шайлоо округунан алдыга оозуп чыккан талапкер. Болжолдуу эсеп

Белгилей кетсек, бул АСУнун (автоматтык эсептөө урнасынын) гана алдын ала жыйынтыгы. Эми БШК добуштарды кол менен эсептейт. Жогорку Кеңешке шайлоонун акыркы жыйынтыгы 18-декабрга чейин маалым болот.
Sputnik
БИШКЕК, 28-ноя. — Sputnik. Борбордук шайлоо комиссиясы Жогорку Кеңешке шайлоодо бир мандаттуу округ боюнча АСУ эсептеген жыйынтыкты жарыялады.
Жалал-Абад облусунун №15 Базар-Коргон шайлоо округунан 59,25 пайыз добуш (82,50 пайыз добуш саналып бүттү) менен Айбек Алтынбеков алдыда келе жатат. Бул жактан беш талапкер ат салышкан.
Белгилей кетсек, бул АСУнун (автоматтык эсептөө урнасынын) гана жыйынтыгы. Эми БШК добуштарды кол менен эсептейт. Жогорку Кеңешке шайлоонун акыркы жыйынтыгы 18-декабрга чейин маалым болот.