Араван шайлоо округунан эң көп добуш алган талапкер

Бул АСУнун (автоматтык эсептөө урнасынын) гана алдын ала жыйынтыгы. Эми БШК добуштарды кол менен эсептейт.
Sputnik
БИШКЕК, 28-ноя. — Sputnik. Борбордук шайлоо комиссиясы Жогорку Кеңешке шайлоодо бир мандаттуу округ боюнча АСУ эсептеген жыйынтыкты жарыялады.
Анын ичинен Ош облусундагы №6 Араван шайлоо округунан Жалолидин Нурбаев 48,19 пайыз добуш алып (добуштардын 78 пайызы саналып бүттү), атаандаштарын артта калтырды. Бардыгы алты талапкер аттанган.
№6 шайлоо округуна Араван районунун Алля Анаров, Керме-Тоо, Маңгыт, Нур-Абад, Юсупов, Тепе-Коргон, Чек-Абад айыл аймактары жана Кара-Суу районунун Кызыл-Кыштак айыл аймагы кирет. Жалпы шайлоочуларынын саны — 91 миң 29.
Белгилей кетсек, бул АСУнун (автоматтык эсептөө урнасынын) гана жыйынтыгы. Эми БШК добуштарды кол менен эсептейт. Жогорку Кеңешке шайлоонун акыркы жыйынтыгы 18-декабрга чейин маалым болот.