БИШКЕК, 28-ноя. — Sputnik. Россиялык белгилүү мушкер Александр Емельяненко бразилиялык атаандашы Марсио Сантостун муунтуу ыкмасына биринчи эле раундда багынып бергенин Р-Спорт жазды.
Аралаш мушташ боюнча AMC Fight Nights 106 турнири Россиянын Сыктывкар шаарында ишемби күнү кечинде өттү.
Бразилиялык спортчу Емельяненкону көмкөрөсүнөн жыгып, моюн тушун колу менен кыскандан кийин рефери беттешти токтотуп калган. Кармаштан кийин россиялык мушкер агасы Федордун сөзүн кайталаган.
"Менин агам Федор айткандай, жыгылмайын эч ким турбайт", — деген Емельяненко.
"Акыркы император" атка конгон Федор Емельяненко бул фразаны 2010-жылы Фабрисио Вердумга утулганда айткан.
Ошондой эле Александр Емельяненко Сантос менен реванш-беттеш өткөрүүнү суранган, каршылашы дароо макулдугун берген.
Александр Емельяненко 40 жашта. ММА боюнча карьерасында 28 кармашты утуп, тогуз ирет жеңилген жана бир беттешинде тең чыккан. 32 жаштагы бразилиялык мушкер 16 ирет жеңишке жетип, алты ирет жеңилүү ызасын тартып, ал дагы бир жолу тең чыккан.